Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Аскер кызматкерлеринин акчасы жогорулайт

Жарлык Кыргызстандын аскердик кызматта жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо максатында жасалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 1-октябрдан тарта Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөк пулу жогорулайт. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул боюнча мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Мындай кадам аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу, Кыргызстандын аскердик кызматтагы жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо максатында жасалгандыгы кабарланды.
Анын негизинде төмөнкү иштер аткарылышы керектиги айтылды:
2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатсын;
Бул жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Ташиев: ар бир көз жумган жоокер үчүн жоопкермин