Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Бишкектен Баткенге гуманитардык жардамдын үчүнчү кербени жөнөп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баткен облусуна гуманитардык жардамдын үчүнчү кербени кетти. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Эске салсак, от күйгөн аймактан баш-аягы 137 миң адам эвакуацияланган.
Маалыматта жүк үч ирет жөнөтүлгөнү айтылды:
мурдагы күнү 67 тонна гуманитардык жардам кеткен. Ал Бишкек мэриясы менен андагы райондордун, шаардыктардын көмөгү менен жыйналган. Бул партия Кадамжайга түшкөн;
андан соң эки фура кеткен — 40 тонна жардам Бишкектин жашоочуларынан жыйналган;
бүгүн үчүнчү фура кетти — аны шаардыктар, эл топтогон.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти