Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Эмне кеп болду

Кыргызстан президенти адам өлүмү, жабыркагандар тууралуу маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров Владимир Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан курман болгондордун жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын кесепетинен Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдаган.
"Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык, дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди", — деп айтылган маалыматта.
14-17-сентябрда Кыргызстандын аймагында Тажикстан тараптан жасалган куралдуу баскынчылыктан улам кыргыз-тажик чек арасында кагылышуулар болду. Анын айынан кыргызстандык 36 жай жана аскерлер көз жумду.
Ал эми эртең, 19-сентябрь — улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды