Радио

Байдалиев: былтыр Россиядан 2000 тонна арпа, 3000 тонна буудай үрөнү келген

Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүнө экспертиза кылуу департаментинин үрөндү сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Дамир Байдалиев жаздык айдап-себүүгө былтыр Россиядан 5000 тонна үрөн келгенин айтты.
Sputnik
Жаздык себүүгө былтыр Россия Федерациясынан буудайдын 3000 тонна, арпанын 2000 тонна сертификатталган жогорку сапаттагы үрөндөрү келген. Бул тууралуу Дамир Байдалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сырттан келген үрөндөр республиканын бардык аймактарына себилген.
"Былтыр Россиядан сертификатталган 3000 тонна буудай келген. Ал республиканын бардык аймактарындагы дыйкандарга таратылган. Фермерлер элитасынын килограммын 53,7 сомдон, 1-репродукциядан чыкканын 47 сомдон сатып алышкан. Көпчүлүгү насыяга алып, быйылкы түшүмүнөн берүүгө камынып жатышат. Сертификатталган үрөндө сепкен дыйкандардын арасында гектарынан 45-50 центнерге чейин түшүм алып, кубанып тургандары бар. Бул буудайлардын жакшы жери — биздин климатка ылайыкташкан. Анткени Россиядан үрөн аларда тоолуу климатыбызга туура келген сортторун гана алуу боюнча макулдашканбыз. Арасынан өзгөчө, алексеич, дарья сорттору өзүн жакшы көрсөттү. Катуу жаанда, шамалда сынып, даны төгүлүп калбайт экен", — деди Байдалиев.
Ал аталган үрөндөрдөн мыкты түшүм алуу үчүн эгинди дыкат багуу сунушталарын кошумчалады.