БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстандын аймактарына сала турган мектептер курулуш стандарттары боюнча үлгү көрсөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Китеп басып чыгаруу, мектепте окутуу саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Самаркүл Умралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна айтып берди.
Ал жаңы мектептер республикада билим берүү мекемелерин куруу стандарттарынын жогорку талаптарын көрсөтөрүн белгиледи.
"Россия Кыргызстандын аймактарына 9 мектеп сала турганын угуп кубандык. Бул биздин өлкөдө да мектептер бардык коопсуздук стандарттарына шайкеш салынарына өбөлгө түзүп берет деп ойлоп жатам. Курула турган мекемелер керектүү жабдыктар менен толук камсыздалып, дааратканасы ичинде болот, мындан тышкары, бассейн, спорттук залдар кошо салынат", — деди Билим берүү министрлигинин өкүлү.
Анын айтымында, Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелериндеги санитардык маселелерди чечүү боюнча да иштер жүрүп жатат.
"Бизде дааратканасы имараттын ичине эмес сыртта курулган, начар абалда турган мектептер бар. Билим берүү министрлиги кайсы мектептерде дааратканалар тиешелүү шартка жооп бербейт деген мониторинг жүргүздү. Алгач сыртта жайгашкандарын оңдоп-түзөө тапшырмасын койдук. Миңден ашык ажатканалар оңдоо иштеринен өттү", — деди Умралиева.