Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Отто, окто калган Баткенден тартылган сүрөттөр

Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдарында кайрадан өрт жанып, Тажикстандын агрессиялык кол салуусу жай турмушка бүлүк салды.
Sputnik
Тажикстан тарап Кыргызстандын аймагын миномет жана оор артиллерияны колдонуп аткылоого алды. Анын кесепетинен 59 адам көз жумуп, 144 киши жарадар болду.
Жаңжал чыккан аймакта жүргөн журналисттер жарылбай калган снаряддардан айланып өтүшкөнүн айтышты. Аны жергиликтүү эл абайлап чекесин таш менен тегерете тосуп коюшканын, аскер адамдарынын келишин күтүп жатканын билдиришти.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын эли коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Башка дубандардын эли кооптуулукта калып, кыйналган мекендештерге жабыла жардамга кол сунуп жатышат.
1 / 12

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда куралдуу кол салуу болуп, кагылышуу башталды

2 / 12

Тажик тарап минометтук куралдар менен оор артиллерияны колдонуп эл жашаган айылдарды аткылады

3 / 12

Аткылоодон адам өмүрү кыйылып, турак жайлар, мамлекеттик жана социалдык объектилер талкаланды

4 / 12

Баткендеги чек ара жаңжалы башталгандан тарта башка облустардын жай тургундары жардамга кол сунушту

5 / 12

Эвакуацияланган элди Ош жана башка облустарга жайгаштырышты

6 / 12

Жалпысынан 140 миң адам эвакуацияланууга мажбур болду

7 / 12

Сооттолгон аскер машинасы кайгуулдап жүрөт

8 / 12

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан кыргызстандыктар эвакуацияланды

9 / 12

Бул коогалаңда үйлөр өрттөнүп, талкаланды

10 / 12

Өкмөт Тажикстандын агрессиялык кол салуусунан канча материалдык чыгым болгонун эсептеп жатат

11 / 12

Каза болгон кыргызстандыктардын саны 59га жетти, алардын ичинен аскерлердин көп экени айтылууда

12 / 12

Баткен облусундагы айылдардын бириндеги жолго түшүп жарылбай калган снаряд