Радио

Кожогулов: жаңы агроөнөр жай технологиялары гана айыл чарбаны жакшыртат

Айыл чарба министрлигинин Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов айыл чарба техникаларынын атаандаштык рыногун калыптандыруу керектигин айтты.
Sputnik
Фермерлердин акыркы агроөнөр жай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу иши маанилүү. Бул тууралуу Нурланбек Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын айыл чарба потенциалын инвесторлорго көрсөтүшүбүз керек.
"Учурда өлкөнүн айыл чарбасында машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иш-чаралар аткарылып келет. Лизинг кызматы ийгиликтүү иштеп, дыйкандарды ыңгайлуу шарт менен колдоо ишине көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларынын атаандаштык рыногун калыптандыруу, ошондой эле фермерлердин акыркы агроөнөр жай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу абдан маанилүү. Мындай чечим аркылуу сапатка өтүүгө өбөлгө түзүлөт. Мисалы, элетте тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу технологиялары жолго коюлуп, жакшы жыйынтыктар болууда",— деди Кожогулов.
Ошондой эле адис өкмөт өлкөгө жаңы технологияларды алып келген ишкерлерди, компанияларды колдоого аларын кошумчалады.