Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Соңку маалыматта Тажикстандын баскынчылыгынан улам чек арада болгон жаңжал 36 адамдын өмүрүн алганы расмий айтылууда. Алардын көбү аскерлер.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду.
Бул күнү:
Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт;
маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына Улуттук аза күтүү күнүндө оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.
2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу жаңжалда кыргызстандык 36 жай жаран жана жоокер курман болду.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: кыргыз-тажик чек арасында абал тынчый баштады