Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек арасында мекен, эл үчүн өмүрүн берген баатырлардын видеосу

Бул жигиттер көз ирмебей, тайманбай Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн өмүрдөн кечти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында башталган жаңжал 46 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул соңку маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
УКМКнын төрагасы Камыбек Ташиев каза болгондордун арбыны аскерлер экендигин айткан. Демек, алардын көбү — Куралдуу күчтөрдүн катарында мекен алдында милдетин аткарып жатып жалтанбай, көз ирмебей курман болгондор. Sputnik Кыргызстан редакциясы баатыр мекендештерибиздин алгачкы тизмесин түздү. Бул тизме ,тилекке каршы, дагы уланат.
Бири жаңы үйлөнсө, биринин артында кош бойлуу жубайы калды. Бири үйдүн жалгыз баласы экени айтылса, дагы бири эң кенжеси дешти. Дагы бири үй-бүлө күтүүгө камданып жатканда душмандын огунан кете берди...
Кыргызстанда 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Министрлик: кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны 46 адамга жетти