Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Министрлик: кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны 46 адамга жетти

Жарадарлардын саны 140 киши болгондугун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чатагынан каза болгондордун саны 46 адамга жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
"Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтар боюнча, каза болгон дагы 10 адамдын сөөгү Баткен шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун жалпы саны 46 адамды түзөт", — деп айтылган мааалыматта.
2022-жылдын 18-сентябры саат 17:00гө карата ооруканага жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 140 адам болгон.
Жарадар болгондордун көпчүлүгү, тагыраагы, 102 адам Бишкек жана Ош шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына которулганы маалымдалды.
Буга чейин Баткенде көз жумгандардын саны 36 киши экенин айтышкан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Чек ара чырында окко учкан Бектур Исламбек уулунун сөөгү жерге берилди. Сүрөт