Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

ӨКМ: Баткендин ички жолдору ачылып, автоунаалар каттап жатат

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеринде иш алып барып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Сүлүктү — Раззаков — Баткен жолдору, Ош – Раззаков – Баткен, Төрт-Көчө автожолу ачык. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
“Кадамжай жана Баткен жолу да ачылды. Автоунаалар кадимки нукта каттап жатат”, — айтылган маалыматта.
Министрликтен тартип коргоо органдарынын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеринде иш алып барып жатканын билдиришти.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Отто, окто калган Баткенден тартылган сүрөттөр