БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Европада энергетикалык каатчылык күч алып, керектөөчүлөргө алар төлөй албай турган эсептер келүүдө. Бул боюнча РИА Новости Россиянын вице-премьери Александр Новактын айтканына таянып жазды.
"Коммуналдык кызматтар, газ үчүн эсептер келип жатат, бирок керектөөчүлөр аны төлөй алышпайт. Бул каатчылык дагы күч алат", — деген Новак "Россия 1" телеканалына берген интервьюсунда.
Ошондой эле ал Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин "электр энергиясы жана газ үчүн келген дүмүрчөктөрдү Москвага жөнөткүлө" деп берген кеңешине жооп берди.
"Каалагандай кеңеш бере берсе болот, бирок мындан маселе чечилип кетпейт", — деген ал жооп иретинде.
Буга чейин Европарламенттин депутаттары Россиядан энергересурстарды алууга бөгөт коюлгандыгынан газ жана электр энергиясы кымбаттап кеткенин айтып, Урсула фон дер Ляйенди сынга алышкан. Еврокомиссиянын башчысы Франциянын нааразы болуп жаткан депутаты Манон Обриге электр энергиясынын дүмүрчөгүн Россияга жөнөтүп жиберүүнү сунуштаган.
Батыш өлкөлөрү Россиянын Украинадагы атайын операцияларына жооп кылып бир катар санкцияларды киргизген. Анын арасында Россиянын энергоресурстарын албоо туурасындагы тыюу бар. Мындан улам Европада мурда болбогон каатчылык башталууда.