Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: кыргыз-тажик чек арасында абал тынчый баштады

Тараптар жаңжалды токтотуу жана куралдуу күчтөрдү алып кетүү боюнча макулдашууну карманууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Учурда кыргыз-тажик чек араларында абал тынч болуп турат, турукташууга жакын тенденция бар. Бул туурасында Чек ара кызматы саат 14:00гө карата берген маалыматында билдирди.

"Чек ара тилкелеринде атышуунун үнү угулган жок, абалдын курчуп кетүүсү байкалган жок. Тараптар жаңжалды токтотуу жана куралдуу күчтөрдү алып кетүү боюнча макулдашууну карманууда", — деп айтылат кабарда.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жалпы 136 700дөн ашык киши коопсуз жайга көчүрүлгөн. Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 5 301 киши эвакуацияланган.
Тажик тараптын кол салуусунан 36 адам каза болуп, 134 бейтап жаракат алган. Өлкөнүн бардык аймактарында Баткенге гуманитардык жүктөр жөнөтүлүүдө. Кыргызстандыктар Финансы министрлигинин атайын эсебине 17,4 миллион сомдон ашык каражат которушту. Эсеп Баткен элин колдоо үчүн ачылган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик аскерлери Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардырышты