Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек ара чырында окко учкан Бектур Исламбек уулунун сөөгү жерге берилди. Сүрөт

Бектур Исламбек уулу "Достук" чек ара тозотунда окко учкан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон 31 жаштагы Бектур Исламбек уулунун сөөгү кичи мекени Ошто жерге берилди. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев билдирди.
Ал аскер кызматында 2010-жылдан баштап он жылдан ашуун эмгектенген.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон 31 жаштагы Бектур Исламбек уулу
"Инибизге "Достук" чек ара тозотунда ок тийген. Снайпер аткан", — деди Арзибаев.
Бектур Исламбек уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.
14-17-сентябрда Кыргызстандын аймагында Тажикстан тараптан жасалган куралдуу баскынчылыктан улам кыргыз-тажик чек арасында кагылышуулар болду. Анын айынан кыргызстандык 36 жай тургун жана аскерлер көз жумду.
Ал эми эртең, 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Баткен менен Лейлекте 8 079 үй жарыксыз калды