Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик аскерлери Баткендеги 36 метрлик көпүрөнү жардырышты

Көпүрө Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун жетинчи чакырымында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Тажик аскерлери Баткен облусундагы Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырышканын Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"16-сентябрда Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун жетинчи чакырымында тажик аскерлери Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метр болгон көпүрөнү жок кылышкан", — деп жазылат маалыматта.
Чек арага жакын жайгашкан аймакта жүктөгүч техника, жеңил автоунаа жана эки бульдозер калганы айтылып, министрлик техниканы азыр алып кетүүгө мүмкүн эмес экендигин кошумчалады.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан көз жумгандардын саны 36га жетти