БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында курман болгон 29 жаштагы баатыр, батальондун командири Эламан Ураимовдун сөөгү Кара-Суу районунун Савай айылында жерге берилди.
Жакындарынын айтымында, ал курчоодо калып, туткунга түшпөс үчүн өзүн жардырып, 5-6 тажик аскерин да "ала кеткен".
Маркумдун чоң атасы Бөкөнбай Абдрасуловдун айтымында, анын артында бир уул, бир кызы калды.
"Эламан неберем өтө активдүү, шайыр, боорукер, жоопкерчиликтүү, жигит болчу", — деди ал.
Эламан Ураимов Суворов мектебин, кийин Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтун аяктап, Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүмүндө кызмат өтөп жаткан. Капитан, батальондун командири болгон.