Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арада түн тынч өттү, бирок абал чыңалган бойдон турат

Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 18-сентябрга караган түн тынч өттү, бирок Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара аймактарында абал чыңалган бойдон турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы саат 08:30га карата берген маалыматында билдирди.

"Чек ара кызматынын бөлүмдөрү катуу тартипте, күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Мамлекет башчы тарабынан эскалация жана чагымчылык аракеттерин болтурбоо, абалды турукташтыруу, аны тынчтык жолу менен чечүү боюнча бардык чаралар кабыл алынууда", — деп айтылат маалыматта.

Жаңжалдын башталышы

14-сентябрь күнү тажик аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын аймагына беш жерден ок чыгарган. Сүйлөшүүдөн кийин атышуу токтогон. 16-сентябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тараптан аткылоо кайрадан башталганын билдирип, кагылышуу Баткен облусунун бардык чек ара тилкесинде жүргөн.
Мекеме тажик чек арачыларынын аракетин кол салуу деп атады. Кыргызстандын ТИМи Тажикстанга каршылык нотасын тапшырып, буга чейинки макулдашуулар бузулганын айтты. Кыргызстандын күч түзүмдөрү тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында оор техника, анын ичинде "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен 16-сентябрь күнү саат 16:00дөн тарта ок атууну токтотууга макулдашып, эки өлкөдөн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок кечинде тажик тарап келишимди аткарбай, кайрадан ок чыгарган.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын 24 жараны көз жумганын билдирди. Баткен жана Лейлек райондорунан 140 миң киши эвакуацияланды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров кырдаалды көзөмөлдөөдө. Маалымат катчысы билдирүү таратты