Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенге Нарындан гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Облустагы мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер 10 миллион сомго жакын каражатты жаңырган жуманын ичинде которуп беришмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Бүгүн таң эрте Баткен облусуна Нарындан гуманитардык жардам жүктөгөн эки фура жөнөп кетти. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Бүгүн таң эрте Баткен облусуна Нарындан гуманитардык жардам жүктөгөн эки фура жөнөп кетти

2 / 4

Кечээтен бери Нарын облусунун бардык райондорунун жана шаар элинен 30 тоннадан ашык картошка, 1,5 тоннадай азык-түлүктүн түрлөрү жана 63 кой чогултулган

3 / 4

Облустагы мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер бир күндүк эмгек маянасын, тагыраагы, 10 миллион сомго жакын каражатты жаңырган жуманын ичинде которуп беришмекчи

4 / 4

Кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткандарга бул күндөрү Кыргызстандын ар кыл аймактарынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө

Кечээтен бери Нарын облусунун бардык райондорунун жана шаар элинен 30 тоннадан ашык картошка, 1,5 тоннадай азык-түлүктүн түрлөрү жана 63 кой чогултулган.
Облустагы мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер бир күндүк эмгек маянасын, тагыраагы, 10 миллион сомго жакын каражатты жаңырган жуманын ичинде которуп беришмекчи.
Кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткандарга бул күндөрү Кыргызстандын ар кыл аймактарынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: кыргыз-тажик чек арасында абал тынчый баштады