Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Баткенде курман болгон баатыр, командир Апсамат Жекшенбеков жерге берилди. Сүрөт

Баткенде кызмат өтөп жүргөн учурда улук лейтенант наамы берилип, взводдун командири болуп кызмат өтөп жаткан.
Sputnik
НАРЫН, 18-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда баатырларча курман болгон Апсамат Жекшенбеков туулуп-өскөн Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында акыркы сапарга узатылды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
1 / 3

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда баатырларча курман болгон Апсамат Жекшенбеков туулуп-өскөн Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында акыркы сапарга узатылды

2 / 3

Аны жерге берүү зыйнаты бүгүн, 18-сентябрда, өтүп, ага жергиликтүү облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, жакын туугандары, айылдаштары катышты

3 / 3

Баткенде кызмат өтөп жүргөн учурда улук лейтенант наамы берилип, взводдун командири болуп кызмат өтөп жаткан.

Аны жерге берүү зыйнаты бүгүн, 18-сентябрда, өтүп, ага жергиликтүү облустук жана райондук бийлик өкүлдөрү, жакын туугандары, айылдаштары катышты.
Апсамат Жекшенбеков 1998-жылы 2-майда жарык дүйнөгө келген. Туулуп-өскөн Терек-Суу айылындагы Анварбек Чортеков атындагы орто мектепти 2016-жылы бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик окуу жайына өткөн. Окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин лейтенант наамы менен Баткенде кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөөгө жөнөтүлгөн. Баткенде кызмат өтөп жүргөн учурда улук лейтенант наамы берилип, взводдун командири болуп кызмат өтөп жаткан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Министрлик: кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун саны 46 адамга жетти