Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тынчтыкты эч ким бузбасын. Өзбек маданий борбору Баткенге жардам жөнөттү. Сүрөт

Оштогу өзбек улуттук маданий борбору Баткен облусуна 20 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөттү
Борбордон Кыргызстандагы тынчтыкты, биримдикти бузууга эч кимге эч качан жол берилбегенин жана берилбей тургандыгын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Оштогу өзбек улуттук маданий борбору Баткен облусуна 20 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
"Биринчи кезекте кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан окуяларда жакындары каза болгон үй-бүлөлөргө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кыргызстан ар дайым өз ара сый-урмат, кайрымдуулук, тынчтык жана достук принциптерин карманат. Биздин өлкө — достукта жана ынтымакта ар кандай улуттардын жана этностордун жүзгө жакын өкүлү жашаган мамлекет. Ошондуктан биз Тажикстандын мурда жетишилген макулдашууларды бузуп Кыргызстандын аймагына киргени тууралуу кабарды тынчсыздануу менен кабыл алдык. Өлкөдөгү тынчтыкты, биримдикти бузууга эч кимге эч качан жол берилген эмес жана берилбейт. Биз биргеликте мекенибизди коргоо үчүн дайыма даярбыз", — деп айтылат борбордун кайрылуусунда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы пост. Архив
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: кыргыз-тажик чек арасында абал тынчый баштады