Баткен менен Лейлекте 8 079 үй жарыксыз калды

Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн Бишкектен төрт атайын машина чыгып кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Баткен жана Лейлек райондорунда 8 079 абонент электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.
"Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында коогалаң башталгандан бери 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш жарыксыз калган. Анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш. Кечээ кечинде Лейлек району боюнча авариялык өчүрүү аныкталган. Бүгүн кызматкерлер жети кабелди чыңалууга кошту", — деген Ибраев.
Ал калган линияларда кырдаалга байланыштуу чыңалуу жок экенин белгиледи. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр кубаты өчкөн жок. Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн Бишкектен төрт атайын машина чыгып кетти.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткенге Нарындан гуманитардык жардам жөнөтүлдү