Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Күч колдонуу туура эмес. ЖККУ катчылыгы чек арадагы жаңжал боюнча билдирүү жасады

Уюм мындан ары да адам өлүмү катталышына жол бербөөгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. ЖККУнун катчылыгы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга тынчсыздануусун билдирди.
Катчылык каза болгон жарандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшө турганын айткан.
"Тараптар чек арадагы оор маселени жөнгө салып, чыңалууну басаңдатып, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн өз ара ыңгайлуу болгон жолдорду табат деп ишенебиз. Күч колдонуу туура эмес деп эсептейбиз. Жаңжалды сүйлөшүү менен гана жөнгө салыш керек, мындан ары да адам өлүмүнө жол берүүгө болбойт", — деп жазылат маалыматта.
ЖККУнун катчылыгы кырдаалга дыкат көз салып турганы белгиленди.
Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы Баткенге кол салууну сындады