Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

ТИМ элчилерди чакырып Тажикстандын кол салуусу тууралуу маалымат берди

Дипломаттар кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстандагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине Баткендеги кырдаал тууралуу маалымат берди. Бул туурасында ТИМ кабарлады.
Ниязалиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан каза тапкандар болгонун, арасында жай тургундар бар экенин айткан. Жергиликтүү жашоочулар жер которуп, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер, турак жайлардын талкаланганын маалымдаган. Аны менен катар кыргыз жарандардын мүлкү жана буюмдары таланып-тонолгонун билдирген.

"Тажикстандын куралдуу күчтөрү жана анын туруктуу эмес аскер топтору Кыргызстандын эгемендүү аймагына кыянаттык менен баскынчылык кылды. КР УКМКнын Чек ара кызматы жана укук коргоо органдары тарабынан өлкөнүн эгемендүү аймагын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көрдү. Тажик тарап макулдашууларды, анын ичинде ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча иш-аракеттерди аткара албай жатат", — деп айткан Ниязалиев брифингдин катышуучуларына.

Өз кезегинде чет элдик элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү курман болгондордун жакындарына көңүл айтышты. Ошондой эле азыркы кырдаалга тынчсызданууларын билдирип, кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракетин колдошкон.
Мындан тышкары, алар Баткен элине гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде БУУнун Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүчү координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилеген.
Акылбек Жапаров: жаңжалда чагымчылар жана үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн