Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Камчыбек Ташиев: жоготуу көп, басымдуу бөлүгү аскерлер

Ал чек арада абал оор экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кыргыз тараптан жоготуулар көп. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, көз жумгандардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери.
"Чыр-чатакта жоготуулар болот экен. Жоготуулар көбүнчө аскер кызматкерлеринин арасында болду. Ачык айтайын, жоготуулар көп. Жарадар болгондор да арбын. Жай жарандардын арасында жоготуу аз. Анткени аларды убагында көчүрүп кеттик", — деди ал.
Ал абалды жөнгө салуу боюнча жарым саат сайын Тажикстандын УКМК төрагасы менен сүйлөшүп жатканын кошумчалаган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Садыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү