Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

ШКУ чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды

ТИМ башчысы менен ШКУнун башкы катчысы сүйлөштү. Министр ага чек арадагы абал тууралуу маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды талкуулаган.

"Эл аралык уюмдун жетекчисине чек арадагы абал боюнча актуалдуу маалыматтар жеткирилди. Ошону менен бирге кыргыз тарап кризисти мурдагыдай эле эки өлкөнүн элинин тынчтыгы үчүн саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү боюнча позицияны кармана турганын билдирди. Кыргызстан абалды курчутуп, күч колдонууга каршы", — деп жазылган маалыматта.

ШКУнун башкы катчысы каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга көңүл айткан. Ошондой эле коңшу мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Күч колдонуу туура эмес. ЖККУ катчылыгы чек арадагы жаңжал боюнча билдирүү жасады