Күн салкындайбы? Ош облусундагы бир жумага карата аба ырайы

Шаршембиде күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
18-20-сентябрь күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда өткүн өтүп басылат, өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
21-23-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтөт, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
24-сентябрда облустун бүт аймактарында жамгыр жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши ыктымал. Шаршембиде күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт.
Алдыдагы аптада күн ысыйбы? Баткен облусундагы аба ырайы