БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткендеги чек ара чырына байланыштуу үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон мекендештерге билим берүү мекемелеринде жатакана жана тамак-аш берүү уюштурулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ош шаарында төмөнкү даректер боюнча жатакана үчүн кайрылса болот:
ОшМУ — 555 01 54 02;
ОшТУ — 0777 14 41 24;
КУУ — 0553 24 02 50;
ОМПИ — 0778 36 11 37;
Ош соода-экономикалык колледжи — 0500 73 13 54;
Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы — 0778 24 00 10.
Андан сырткары, Баткен облусундагы билим берүү мекемелеринде да башпаанек уюштурулган:
Баткен районунда 54 мектеп менен 48 бакча жабылган. Алты мектеп жана беш бала бакчага эл жайгаштырылган. Мындан сырткары, төрт мектеп жана үч бала бакча элди кабыл алган;
Сүлүктү шаарындагы №4 мектепке 64 киши жайгаштырылып, ысык тамак берилген;
Кызыл-Кыя шаарында спорттук залы бар мектептер элди кабыл алууга даяр. Ошондой эле кесиптик лицейлер имараттарына Баткенден эвакуацияланып келип жаткан мекендештерди жатаканага жайгаштырып жатышат;
Кадамжайга келгендерди жергиликтүү тургундар бөлүштүрүп, үйлөрүнө алып кетип жатышат. Кан айылындагы "Родничок" балдар бакчасына, Бирликтеги Шамурзаев мектебине эл жайгаштырылды. Мугалимдер жана кызматкерлер жардам берүүдө;
БатМУнун окуу корпусуна 350 киши жаткырылып, тамак менен камсыз болгон. Бирок абал курчуганына байланыштуу Баткен шаарынан жарандар Өзбекстандын Сох району аркылуу Кадамжайга көчүрүлгөн;
Ал эми БатМУнун жатаканасында 45 адам жаткырылып, калганын окутуучулар үйлөрүнө алып кетишкен;
Сүлүктүдөгү кооптуу жайда жашаган студенттер окутуучулардын үйлөрүндө калышкан.