Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Алимбаев: кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды

Облус жетекчиси учурда кырдаал дагы деле оор бойдон турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткенде кыргыз айылдарына кирип келген тажикстандыктар чыгарылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
"Алар кечинде чыгарылды. Ал жакта биздин бөлүктөр иштеди", — деди облус жетекчиси.
Ошондой эле ал учурда кырдаал дагы деле оор бойдон турганын, тажик тарап менен биргеликте абалды жөнгө салуу иштери жасаларын айтты.
Белгилей кетсек, тажик тарап Баткен районунун Достук айылындагы мектепти ээлеп алганы айтылган. Социалдык тармактарда кыргыз айылдарына кирип келип үйлөрдү өрттөп жаткан видео тараган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тараптын кол салуусунан 103 кыргызстандык жарадар болду. Соңку маалымат