УКМК: Камчыбек Ташиев барымтага алынды деген билдирүү карандай калп

Ташиев Баткенде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдардын ишин координациялап жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. УКМКнын маалымат кызматы "атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев барымтага алынды" деп тарап жаткан билдирүү чындыкка коошпой турганын билдирди.
Ага ылайык, учурда Ташиев Баткенде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдардын ишин координациялап жүрөт.

"Социалдык тармакта Камчыбек Ташиев барымтага алынды, аны 16-сентябрдан бери кол алдындагы адамдар көрө элек" деп жазылган билдирүү карандай калп. УКМК коомчулукту ар кандай так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырат. Аны Кыргызстандын бүтүндүгүн жана эгемендигин бүлүнтүүгө кызыкдар күчтөр жайылтууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле атайын кызмат ЖМК өкүлдөрүн, активист, блогерлерди жана жалпы коомчулукту бир муштум болуп түйүлүп, кырдаалдан чыгууга чакырды.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Алимбаев: тажик жарандары Жаңы-Жердеги үйлөрдү тоноп, өрттөп жатат