Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Элчилик Россиядагы мекендештерди чагымчылыкка алдырбоого чакырды

Мекеме Баткенде чек арада жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланганын да билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Чек арадагы чатакка байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара Клара-Самат кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Элчи жыйындын катышуучуларынан башка мамлекеттин өкүлдөрү менен чыр-чатактарды болтурбоо максатында РФ аймагында жүргөн жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.
"Элчилик өз кезегинде Россия Федерациясындагы бардык мекендештерди сабырдуулукка, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна доо кетире турган ар кандай маалыматтарды таркатпоого жана чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырат", — деп жазылган маалыматта.
Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү маселелери талкууланган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
ТИМ элчилерди чакырып Тажикстандын кол салуусу тууралуу маалымат берди