Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Кыргыз-тажик чек ара жетекчилери сүйлөшүп, Чоң-Алайдагы атышуу токтоду

Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы билдирди.
Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын жетекчилери Уларбек Шаршеев менен Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анын жыйынтыгында тажик тарап саат 14:20да ок атууну токтоткон.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга багытталган иштерди жүргүзүп жатат.
Мурдараак Тажикстан ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашууну бузуп, саат 12:37де миномёт жана артиллерия менен Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позициясын аткылай баштаганы кабарланган. Кыргызстандык жоокерлер жооп иретинде ок чыгарган. Бирок абалды курчутпоо үчүн атышууну биринчи болуп токтоткон.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди