Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чоң-Алай менен Баткенде абал чыңалып турат. Чек ара кызматынын соңку маалыматы

Эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун өкүлдөрү "Гулистон" бекетинде жолугары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек аранын Чоң-Алай жана Баткен облусундагы аймагында абал чыңалып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы саат 21.00гө карата берген маалыматында билдирди.
Анда эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун өкүлдөрү Тажикстандын аймагындагы "Гулистон" өткөрмө бекетинде жолугары белгиленген.
Маалыматта УКМКга караштуу Чек ара кызматынын Чоң-Алай жана Баткендеги бөлүктөрү абалды турукташтырууга болгон күч-аракетин жумшап жатканы айтылат.

Жаңжалдын башталышы

14-сентябрь күнү тажик аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын аймагына беш жерден ок чыгарган. Сүйлөшүүдөн кийин атышуу токтогон болчу. 16-сентябрда КР Чек ара кызматы Тажикстан тараптан аткылоо кайрадан башталганын билдирип, кагылышуу Баткен облусунун бардык чек ара тилкесинде жүргөн.
Мекеме тажик чек арачыларынын аракетин кол салуу деп атады. Кыргызстандын ТИМи Тажикстанга каршылык нотасын тапшырып, буга чейинки макулдашуулар бузулганын айтты. Кыргызстандын күч түзүмдөрү тажик тарап КР аймагын басып алуу максатында оор техника, анын ичинде "Град" ракеталык системасын колдонуп жатканын кабарлады.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен 16-сентябрь күнү саат 16.00дөн тарта ок атууну токтотууга макулдашып, эки өлкөдөн атайын комиссия түзүлгөн. Бирок кечинде тажик тарап келишимди аткарбай кайрадан ок чыгарган.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын 24 жараны көз жумганын билдирди. Баткен жана Лейлек райондорунан 140 миң киши эвакуацияланды.
Акылбек Жапаров: жаңжалда чагымчылар жана үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн