Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык көз жумду

Чек арадагы чырдан баш-аягы 87 адам жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде 24 кыргызстандык көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Чек арадагы чырдан 87 адам жабыркаган. Анын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жарадар болгондордун 27си Бишкектеги ооруканаларга жаткырылганы кошумчаланды.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдан көп адам каза болгонун, алар аскер кызматкерлери экенин айткан.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тараптын аткылоосунан жабыркагандардын саны 59га жетти