Бишкектин түштүк-чыгышында бир күн бою суу болбойт

Муниципалитет шаар тургундарына суу камдап алууну эскертип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкектин түштүк-чыгыш бөлүгүндө 20-сентябрда саат 09:00дөн баштап 18:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул боюнча мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, суу "Контррезервуар" кампасында, түтүктөрдү оңдоо жана бузулуунун алдын алуу иштерине байланыштуу болбойт.
Суу убактылуу токтой турган райондор: Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы. Мындан тышкары, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач конуштары, Полиция шаарчасы суусуз калат.
Муниципалитет шаар тургундарына суу камдап алууну эскертип, жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сураган.
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 250 млн. сомдук тендер жарыяланды