БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекте Республикалык кан борборунда кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга кан тапшырам дегендердин узун кезеги пайда болду.
Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, эртең менен эле 500дөй адам кан тапшырган.
Кан донору болууну каалагандар Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна келсе болот. Кабыл алуу 16:00гө чейин жүргүзүлөт.