Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Бир күндө Баткен элине жардам иретинде 3,6 млн. сом чогулду

Бишкекте гумжардам чогултуу боюнча 1500гө жакын ыктыярдуу жаштар иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бир күндө кайдыгер эмес жарандардан Баткенге жардам иретинде 3,6 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Куралдуу кагылыштан жабыркаган баткендиктерди колдоо үчүн ачылган атайын эсепке каалоочулар шилтемедеги реквизиттер аркылуу каражат которсо болот.
Ал эми материалдык жардам жер-жерлерде чогултулууда. Бишкекте Кожомкул атындыгы Спорт ордосунда "Баткенге жардам" оперативдүү штабы күнү-түнү иштеп жатат.
Анда биринчи кезекте керектелүүчү азык-түлүктөр, дары-дармектер, күнүмдүк керектелүүчү чарба буюмдары, тазалоочу каражаттар жана жууркан-төшөктөр бар.
Гуманитардык жардамды таңгактоо боюнча жалпы 1500гө жакын ыктыярдуу жаштар иштеп жатат.
Саат 16:00гө карата штабдан Баткен облусуна беш оор жүк ташыган унаа менен жардам жөнөтүлдү.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Акылбек Жапаров аткаминерлерге сөөк коюуга көмөктөшүүнү тапшырды