БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баткенде чек ара чырында жабыркаган жашоочуларга 9,8 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги саат 17:45те берген маалыматында билдирди.
Эки саат мурун эле кечээтен бери 3,6 миллион сом чогулганы маалымдалган.
Атайын эсептин реквизиттери:
Алуучу: Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппараты;
Алуучунун банкы: Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы;
Казыналык системадагы алуучунун эсеби: 4409021103005073;
БИК 440902 (МКП, ВКП);
БИК 440001 (банк аркылуу);
Коммерциялык банк аркылуу алуучунун эсеби: 1352119929762602;
Алуучу банк: ААК "Айыл банк";
БИК 135001;
Төлөмдүн аталышы: "Баткен окуясынын жабырлануучуларына";
Төлөм коду: 14411100.
Ал эми материалдык жардам жер-жерлерде чогултулууда. Бишкекте Кожомкул атындыгы Спорт ордосунда "Баткенге жардам" оперативдүү штабы күнү-түнү иштеп жатат.