Радио

Ардагердин уулу: атамдын жаңы жылы да, туулган күнү да 9-май эле

Мүнүшкөр Мурат Абдылдаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон атасы Керезбек Абдылдаевдин сүрөтүн көтөрүп Москвадагы "Өлбөс полкто" басканын айтып берди.
Sputnik
Атамдын жаңы жылы, туулган күнү, деги эле бардык майрамы 9-май, Жеңиш күнү болор эле. Бул тууралуу Мурат Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында маек куруп жатып эскерди.
Анын айтымында, атасы бул күнү жыл сайын үй-бүлөсүн чогултканды жакшы көрчү.
"Атамдын жаңы жылы, туулган күнү, бардык майрамы 9-май боло турган. Жеңиш күнүн гана күтүп, ошону эле белгилечү. Ошол күнү согуш учурундагыларды эстеп ыйлачу эле. Кайтыш болгонго чейин жандык союп, ардагерлерге тамак бере турган. Баарыбыз ошол күнү чогулчубуз. Райондук борборго чакырып ардагерлерди куттуктайт эмеспи. Атам өтүп кеткенде дагы көнгөн боюнча барып алып жаман болуп жүрдүм. Мындан 4-5 жыл мурда атамдын сүрөтүн көтөрүп Москвада "Өлбөс полктон" өттүм. Россиянын президенти Владимир Путин баскан парад болчу. Улуттук кийим менен болчумун, баары кызыгып сүрөткө түшүп жатышты. Атам ардагер катары Москвадагы параддан баскысы келген чыгар деген ой болду. Сүрөтүн көтөрүп басып, атамдын алдындагы бир милдеттен кутулдум деп эсептейм. Себеби 9-майдагы парадда басканда өзүн башкача сезип, өзгөчө мамиле кыла турган", — деди Абдылдаев.
Ошондой эле ал быйыл Керезбек Абдылдаевдин 100 жылдыгы белгиленгенин кошумчалады.