БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагында кыйын абал жаралды, тажик жарандары үйлөрдү тоноп, өрттөп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев кабарлады.
"Биз муну тажиктердин өкүлдөрүнө катуу талап менен айтып жатабыз. Күндүн аягына чейин тажик аскерлери менен ок атууну токтотуп, техникаларды чек арадан алып кетүү боюнча иштер жүрүүдө", — деди Алимбаев.
Ал Лейлектин Жаңы-Жер айылына дагы күч структураларын киргизүү керектигин айтты.
Ошондой эле Баткендин башчысы КРдин чек ара бөлүктөрү Ак-Сай айылында иш алып барганын, азыр аймак көзөмөлдө экенин белгиледи.