Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Акылбек Жапаров чек арада жаракат алгандардан кабар алды. Сүрөт

Учурда Бишкекте 36 киши жана жети бала дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан жети баланын абалы тууралуу маалымат берилди.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алгандардан кабар алды

2 / 4

Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан жети баланын абалы тууралуу маалымат берилди

3 / 4

Андан соң Улуттук госпиталда дарыланып жаткандарга барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам жатат. Жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт

4 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасы бейтаптарга тийиштүү жардам көрсөтүлүп, андан ары ден соолугун калыбына келтирүү колго алына турганын белгилеген

Андан соң Улуттук госпиталда дарыланып жаткандарга барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам жатат. Жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы бейтаптарга тийиштүү жардам көрсөтүлүп, андан ары ден соолугун калыбына келтирүү колго алына турганын белгилеген.
Тажик тараптын аткылоосунан жаракат алган кыргызстандыктардын саны 1221ге жетти. Соңку маалымат боюнча, куралдуу кагылышууда 24 мекендеш набыт болгону кабарланган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Акылбек Жапаров аткаминерлерге сөөк коюуга көмөктөшүүнү тапшырды