Акылбек Жапаров: жаңжалда чагымчылар жана үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн

Министрлер кабинетинин башчысы абал канча убакытта жөнгө салынарын айтуу кыйын экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Чек арадагы чатакта чагымчылар жана үчүнчү күчтөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жергиликтүү ЖМКлардын бирине курган маегинде билдирди.
Ал абал канча убакытта жөнгө салынарын айтуу кыйын экенин белгиледи.
"Эки тараптын пикири боюнча тең чагымчылар жана үчүнчү күчтөр бар. Менимче, жаңжалды тынчытууга биздин аскерлер менен саясий лидерлердин акылы жетиштүү", — деди Жапаров.
Ал Бишкектеги Спорт сарайында Баткен элине гуманитардык жардам чогулуп жаткан жерге барган.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Акылбек Жапаров чек арада жаракат алгандардан кабар алды. Сүрөт