Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Чек арадагы чыр. ЖККУ башкы катчысы Коопсуздук кеңешинин катчылары менен сүйлөштү

Тараптар атышууну тез арада токтотуп, чатакты тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары менен чек арадагы абалды талкуулаганын аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Зась эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов жана Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу байланышкан.
Тараптар атышууну тез арада токтотуп, чатакты тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин белгилешкен.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Күтпөгөн жерден ок чыгарышты. Чек арадагы абал боюнча Баткен башчысынын видеосу