БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Төрага Талант Мамытов бүгүн саат 13:00дө эл өкүлдөрүн кезексиз отурумга чакырган. Жыйын жабык эшик артында өтүп, Баткендеги кырдаал талкууланат.