Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Самаркандда Жапаров менен Рахмон жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашты

Лидерлер каражаттарды жана күчтөрдү артка тартуу боюнча тапшырма берүүгө макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Самаркандда өтүп жаткан ШКУ жыйынынын алкагында мамлекет башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.

"Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү структураларга атышууну токтотуу, тартылган каражаттарды жана күчтөрдү артка кайтаруу боюнча тапшырма берүүгө макулдашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин тездетүү макулдашылды", — деди Султанбаев.

Эки мамлекеттин УКМК төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жеринде иш алып барышат. Жаңжалдын келип чыгуу себебин тактоо үчүн комиссия түзүлөт.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз тарап ок атууну токтотту