БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тараптын аткылоосунан Баткенде жабыркагандардын саны 59га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жаракат алгандардын арасында аялдар жана балдар бар. Алар негизинен октун чачырандыларынан жаракат алган. Жабыркагандардын ичинен 9у Бишкек шаарындагы ооруканаларда. Көз жумгандар боюнча маалымат такталып жатканы кошумчаланды.