Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат

Чек арачылар Тажикстандын согуштук агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат. Бул туурасында Кыргызстан УКМКсы билдирди.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууну токтотуу аракетине карабай, тажик тарап биздин аймакты басып алууга аракет кылып жатат. Чатак болгон аймакка аскердик оор техникаларды алып келип, болгон куралдарды колдонуп Кыргызстандын аймагын көздөй аткылоону улантууда. Учурда чек аранын бардык аймагында каршылашуу жүрүп, кагылыш уланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Чек арачылар Тажикстандын согуштук агрессиясынын мизин кайтаруу аракеттерин көрүүдө.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жолукту