Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

УКМК: тажик аскерлери жай тургундарды "тирүү калкан" катары колдонуп жатат

Кайсы бир аскердик түзүмгө таандык белгилери жок адамдар кагылышууга катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Тажикстандын аскерлери жай тургундарды "тирүү калкан" катары колдонуп жатат. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, тажик тараптан белгисиз кийинген, кайсы бир аскердик түзүмгө таандык белгилери жок адамдар кагылышууга катышууда.

"Куралдуу кагылышууда тажик тарап оор техниканы колдонуу менен чектелбей, чек аралаш аймактагы калктуу конуштарды аткылоодо. Тажикстандын аскерлери жай тургундарды "тирүү калкан" катары колдонуп жатат. Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашуу жүргүзүп, адекваттуу жооп кайтарууда. Атышууну токтотууга аргасыз кылуу үчүн заманбап куралдар жана техникалар колдонулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара таңдан бери тынч эмес. Айыгышкан кармашуу жүрүп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Тажик тараптын аткылоосунан дагы 13 адам жабыркап, ооруканага түштү