Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жолукту

Учурда атышууну толугу менен токтотуп, абалды жөнгө салуу иштери уланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууну токтотуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүүлөрдү жүрүзүп жатканын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жолугушууга Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов катышууда.
Ушу тапта атышуу басаңдап калганы айтылды. Учурда толугу менен токтотуп, абалды жөнгө салуу иштери уланып жатат.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөштү