Самарканд шаарындагы ШКУга мүчө-мамлекеттердин саммити. Видео

Саммитке Кыргызстан, Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана башка мамлекеттердин башчылары барган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды. Анын кеңейтилген форматтагы отурумуна ШКУга мүчө жана өнөктөш 15 мамлекеттин башчылары катышууда.
Кыргызстандын атынан президент Садыр Жапаров барган. Саммитке ошондой эле Россия, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана башка мамлекеттердин лидерлери келген.