Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Садыр Жапаров чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Жыйында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө маселеси талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө, чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар талкууланды.
Ошондой эле тиешелүү түзүмдөргө чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүү, жабыркаган, эвакуацияланган кыргызстандыктарга керектүү бардык жардам көрсөтүү тапшырмасы берилген.
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: тажик тарап фактыларды бурмалап, КРди агрессор көрсөтүүгө аракет кылууда